Жайкы Азия оюндары: Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт

Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, тилекке каршы, чейрек финалда түштүк кореялык Руи Хансюдан жеңилип калган. Түштүк кореялык балбан финалга чыгып, Исмаиловго көңүл жубатуучу раундда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул беттеште Амантур Исмаилов таиланддык Понгсит Дитмаркка туш келип, беттештин 1-бөлүгүндө эле 10:0 эсеби менен утуп алды.

Эми коло медаль үчүн беттеште Амантур Исмаилов кытайлык балбанга каршы келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2018-08-21 16:12:15
Каныбек менен Акжол алтын алгыла!!!
+1
Alixan-Nookat.2015
2018-08-21 16:25:24
Ali-han,Акжол барганбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан