Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова финалдык беттештен кийинки сезимдери менен бөлүшүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине маек берди.
Айсулуу Тыныбекова мелдештин жүрүшүндөгү эң оор беттеши тууралуу айтып, бул мелдешке толук айыга элек жаракаты менен чыкканын билдирди.
"1-беттешим мен үчүн эң оор беттеш болду. Килемдин үстүнө чыккандан колу-бутумду калыбына келтире албай, өзүмдү начар сезип жаттым. Мен алгачкы атаандашымды оңой эле утуп алам деп чыкпаганым менен, бул беттеш мен үчүн абдан татаал болду. Бүгүнкү күндө мен 62 килограмм салмак ченине өтүп, салмагым бир аз жетпей жатты. Финалдагы атаандашым, монголиялык балбан менен буга чейин 2 жолу кездешкенбиз. Ал кезде экөөбүз тең башка салмак ченинде күрөшүп, мен дагы мыкты калыбымда болчумун.
Чынын айтсам, Стамбулда орун алган мелдештен кийин мен машыгууларды ден соолугума байланыштуу өткөрө элек болчумун. Бул жакка келе жатканда мен агайым менен кеңешип, "ушундай абалда болгондон кийин күрөшпөй эле коёюн" деген суроону көтөргөм. Абдан күрөшкүм келип жатканым менен, менин абалым дагы өтө начар эле. Азия оюндарына 10 күн калганда колум дагы эле ооруп жаткан. Бирок өзүмө күч келтирбей чуркап, футбол ойноп, айрым ыкмаларды жасап жүрдүм. Биз даярдыгыбызга татыктуу жыйынтык көрсөттүк деп ойлом", - дейт Тыныбекова.
Ошондой эле балбан кыргыз элине ыраазычылык билдирди. "Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Алар мен күрөшүп баштагандан бери мага ишенип, ишеничин жоготпой келе жатат. Элимдин ишеничи мага аябагандай күч-кубат берет. Мен кыргыз элимди сүйүнткөнгө бардык аракетимди жасайм" деди ал.