Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыз-келдиндер арасындагы мелдеште Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду.
Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдеш болуп өттү. Анда Кыргыз спортчусу Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып коло медаль утуп алды. 3-орун үчүн беттеште кыргыз балбаны япониялык Аяна Гемпей менен кез келип, 7:3 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болуп, Кыргыз капчыгына 3-медалды алып келди. Буга чейин балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдарды утуп алышкан.