Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыз-келдиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште кыргыз балбаны Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болду.
Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Анда Кыргыз спортчусу Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. 3-орун үчүн беттеште кыргыз балбаны монголиялык Орчибат Насанбурма менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Айпери Медет кызы 4 упайга ээ болуп, 4:2 эсеби менен жеңишке жетти.
Муну менен Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болуп, Кыргыз капчыгына 4-медалды алып келди. Буга чейин балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медалдарды тагынса, Мээрим Жуманазарова коло медалды утуп алган.