Каныбек Жолчубеков Жайкы Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Каныбек Жолчубеков күмүш медаль тагынды.

Бүгүн, 21-августта Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 2 салмак ченинде беттештер орун алды. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Каныбек Жолчубеков катышып финалга чейин өттү. Финалда Кыргыз балбаны япониялык Ота Шинобуга кез келип, алтын медаль үчүн күч сынашты. Беттештин 2-бөлүгүндө Ота Шинобу Жолчубековду көтөрүп чаап, таза жеңишке жетти.

Муну менен Каныбек Жолчубеков күмүш медалдын ээси болуп Кыргыздын капчыгына 5-медалды алып келди. Буга чейин капчыкка 2 күмүш медалды Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова жана 2 коло медалды Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
erjigit-e.15
2018-08-21 20:08:18
Алтын медаль качан алабыз
0
Arsenal93.
2018-08-21 20:25:59
Негедир биздин спортчуларыбыз финалга чейин жакшы эле келип утулуп калып атышат психологический даяр эмес болуп атышат окшойт азиядан алтын алалбасак олимпиаданы умуттонбой коюп туралы
+1
modem4999
2018-08-21 20:33:40
Ушуга деле тобо дейли аракет кылып аткан кыздар балдарыбызга рахмат.
+1
duishonbek03
2018-08-21 20:36:28
Акжолчик алат буйруса
+4
Buudaiuk
2018-08-21 20:54:01
Акжол алтын алып келет.буйурса
+1
Kymbatym
2018-08-21 21:06:46
Акжол оюнчулар арасында барбы?
+1
Alpengold.
2018-08-21 23:09:39
Кумушкода шугур кылалы туугандар.
+2
Ali-han
2018-08-21 23:22:31
Каныбек Жолчубеков азаматсың! Аракетиң абдан жакшы. Кудайым Буйруса токио2020 олимпиадада алтын сеники болот!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан