Курбанбай Искандаров: "Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы делимитация процесси качан аяктай турганы белгисиз"

"Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы делимитация процесси качан аяктай турганын эч ким так айта албайт",- деп билдирди 1-июлда маалымат жыйын учурунда чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча иш жүргүзгөн жумушчу топтун жетекчиси Курбанбай Искандаров. Айтымында, 2014-жылы Кыргызстан демаркация маселеси боюнча Казакстан менен келишим түзөт. "Коңшу өлкө менен делимитация процесси аяктап, учурда демаркация маселеси аяктоо алдында турат. Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек ара көйгөйү боюнча ар бир архивдик документти дыкат иликтеп чыгуу зарыл. Эки тарап тең макул болгон аймактарда гана делимитация процессин жүргүзүп жатабыз",- деди Искандаров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан