Орусиялык театр жана кино актёру Марат Башаров 44 жашка толду. Ал 1974-жылы 22-августта Москвада туулган, улуту татар. Мектепти аяктаган соң Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, бирок окуусун аягына чейин бүтүрбөй таштап, Москва шаарындагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырган.
Ал жакта окуп жүргөндө эле ар кандай жарнамалык роликтерге тартылып, ал эле эмес Никита Михалковдун "Күндөн чаалыккандар" ("Утомлённые солнцем") тасмасында эпизоддук роль жаратканга үлгүргөн.Ошондон тартып тасма талаасына аралашып, "Сибирдик чач тарач" ("Сибирский цирюльник"), "Чек ара. Тайгадагы махабат" ("Граница. Таёжный роман"), "Гибель империи", "Түрк гамбити" ("Турецкий гамбит"), "Офицер мырзалар: Императорду куткаруу" "("Господа офицеры: Спасти императора"), "Кызматтагы махабат. Биздин убак" ("Служебный роман. Наше время"), "Анна Герман" аттуу белгилүү тасмаларга тартылган. Ошондой эле ал "Жылдыздар муз үстүндө" ("Звезды на льду"), "Муз доору" ("Ледниковый период"), "Жылдыздар менен бий" ("Танцы со звездами-2012") теледолбоорлорунда калыстар тобунун мүчөсү жана катышуучусу болгон.
Жеке жашоосу
2000-жылы Марат Башаров менен "Тайгадагы роман" сериалында аны менен чогуу роль жараткан актриса Ольга Будинанын ортосунда сүйүү мамилеси бар экенин журналисттер жазып чыгышкан. Алардын айтымында, жылдыздардын ортосундагы мамиле көпкө узаган эмес. Биринчи жубайы Елизавета Круцко Марат Башаровго турмушка чыкканда ислам динин кабыл алган. Түгөйлөр Амели аттуу кыздуу болгон соң актёрдун сүйүүгө туруксуздугунан улам ажырашып кетишкен. 2014-жылы Марат Башаров актриса Екатерина Архаровага үйлөнгөн. Экөө чогуу түтүн булата баштагандан бир нече ай өткөндө актёр мас абалында аялын сабап, мурдун сындырган.2015-жылы жубайлар ажырашып кетишкен. Мурдагы жубайын сабап, мас абалында унаасын башкарып көп жолу кармалгандыгы үчүн маалымат каражаттары анын алкоголдук ичимдикке берилип кеткенин жазып чыгышкан. Актёр өзү спирт ичимдиктерине жеке көйгөйлөрүнөн эмес, популярдуулук, ийгилигинен улам жакын болуп калганын билдирген. Себеби ал ар кандай фуршет, кечелерге чакырылып, мындай иш-чаралар Марат Башаровду алкоголго көнүп калуусуна түрткөн.