Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында такталбаган 58 аймак бар

"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында такталбаган 58 аймак бар". Бул тууралуу 1-июлда маалымат жыйын өткөргөн чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жетекчиси Курбанбай Искандаров билдирди. Өзбекстан менен Кыргызстанды бөлүп турган чек аранын узундугу 1378 чакырым экенин, бирок бул сан өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин айтат Искандаров. "Бул акыркы көрсөткүч эмес. Биз өкмөттүк делегациянын деңгээлинде 1070 чакырым чек араны тактадык, калган бөлүгү каралууда",- деп кошумчалады ал. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстанды бөлүп турган чек аранын узундугу 970 чакырым болсо, 519 чакырымы эки тараптуу такталган. Такталбаган 103 аймак бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан