Кош бойлуу келин зыярат учурунда көз жарды

Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндө ажылык сапар учурунда зыярат кылып жүргөн келин көз жарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, кош бойлуу келиндин толгоосу Арафат тоосунда зыярат кылып жаткан учурда башталган. Ал дароо жакынкы ооруканага жардам сурап кайрылган. Натыйжада келин аман-эсен көз жарып уулдуу болгон. Уулуна Уадах аттуу ысым ыйгарган. Уадах кыргызча которгондо ачык-айрым дегенди түшүндүрөт.

Көз жарган келиндин аты-жөнү жана кайсы өлкөдөн келгендиги тууралуу эч кандай маалыматтар бериле элек.

Айрым маалыматтарга караганда, бул зыярат учурунда көз жарган алгачкы келин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nursiyanur
2018-08-22 11:40:42
Бизден да бир келин коз жарган беле,2 3 жыл мурда
+2
meni_kut
2018-08-22 12:16:40
nursiyanur,ооба эгиз торогон
-1
meni_kut
2018-08-22 12:17:35
Баласы омурлуу,эстуу,элге,динге кызмат кылган чыгаан инсандардан болсун.
+11
Kymbatym
2018-08-22 12:55:29
Бизден деле бир жаш келин ажылык сапарда көз жарып уул балалуу болушкан суперге маекда беришкен го
+3
Jasa
2018-08-22 13:04:47
Кандай гана бактылуу
+1
Kubat77
2018-08-22 13:22:38
иншалла
-2
Miroslav
2018-08-22 14:18:27
Ошондо торолгон баласыда Ажы болобу?
+4
Alinur96kg
2018-08-23 04:01:17
Miroslav,Анда сауд арабиялыктар баары эле ажы болушабы?
+2
jalguzum
2018-08-22 16:09:10
МашАллах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан