Бүгүн, 1-июлда президент Алмазбек Атамбаевге 6 өлкөнүн элчилери Ишеним грамоталарын тапшырды. Өлкө башчыга Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммед Аль-Жума, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Абдул Матин Хан, Замбиянын Кыргызстандагы элчиси Фредерик Шумба Хапунда, Таиланддын Кыргызстандагы элчиси Чарн Джулламон, Албаниянын Кыргызстандагы элчиси Генжи Мучажа жана Филиппиндин Кыргызстандагы элчиси Доминго Лученарио Ишеним грамоталарын тапшырды.