Бүгүн, 22-августта орусиялык футболчу Артём Дзюба 30 жашка чыкты. Ал 1988-жылы Москвада төрөлгөн. Учурда Санкт-Петербургдун "Зенит" футболдук командасынын жана Орусия курамасынын чабуулчусу, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери.
Орусия Кубогунун 2 жолку (2014, 2016), Орусиянын Суперкубогунун 2 жолку (2015, 2016) ээси, 2016-жылкы Европа чемпиондугунун жана 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу.
Үй-бүлөсү
Атасы Сергей Дзюба украин, апасы Светлана Александровна чувашиялык болгон. 1992-жылы туулган Ольга аттуу карындашы бар.
Карьерасы
Артём Дзюба 8 жашында Москвадагы "Спартак" футбол академиясына машыктыруучу Александр Ярцевдин чакыруусу менен келип, ийгиликтерди жаратып Евгений Сидоровдун сунушу менен негизги курамда ойной баштаган.
"Зенит"
2015-жылы 6-февралда Дзюба санкт-петербургдук "Зенит" футболдук командасы менен келишим түзүп, командага 1-июлда кошулуп, жылдык акысы 3 миллион 300 миң еврону түзгөн.
Орусия курамасы
2009-жылы Орусиянын жаштар курамасына чакыруу алган. Анда Дзюба 9 оюн өткөрүп атаандашынын дарбазасына 4 гол киргизет. 2011-жылы Орусиянын экинчи курамасына кабыл алынып, ошол эле жылы ноябрь айында негизги курамага кирип, Греция менен болгон беттеште улуттук команданын курамында ойногон.
Улуттук команданын курамында 2-беттешин 2012-жылы АКШнын курамасына каршы өткөргөн.
Мыкты ийгиликтерди жаратып 2016-жылы Францияда өткөн Европа чемпиондугунда Орусия курамасында бардык беттештерде оюн көрсөткөн. Бирок Орусия мелдештин плей-офф баскычына өтпөй калган.
2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Сауд Арабия курамасы менен болгон беттештин 70-мүнөтүндө Фёдор Смоловдун ордуна чыгып, бир мүнөттөн кийин атаандашынын дарбазасына гол киргизген. Аталган чемпионатта 3 жолу гол киргизип, 2 ирет топту натыйжалуу чыгарып берген.
Чемпионаттын жыйынтыгында Дзюба 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда өзгөчөлөнө алган 11 футболчудан турган символдук команданын курамына Денис Черышев экөө кирген. Ошондой эле чемпионат учурундагы атаандашынын дарбазасына киргизген голу 11 мыкты голдун катарына кирген.
Артём Дзюбанын голу (Орусия-Египет)
Жеке жашоосу
Үй-бүлөлүү, Никита аттуу уулу бар.
Орусия курамасы |
Жылы |
Оюн |
Гол |
2011 |
1 |
0 |
2012 |
1 |
0 |
2013 |
1 |
0 |
2014 |
5 |
2 |
2015 |
7 |
6 |
2016 |
7 |
3 |
2018 |
6 |
3 |
Баары |
28 |
14 |
22-августка карата жылнаама.