"Турсунбек Акун кызматкерине берген үйүн ал каза болгондон кийин кайра алып алган" дейт депутат Абдыжапар Бекматов

2010-жылы Акыйкатчы институтунун бир кызматкерине үй берилген, бирок аны кайрадан акыйкатчы Турсунбек Акун алып койгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда маалымат жыйында ЖКнын депутаты Абдыжапар Бекматов билдирди. Айтымында, үйгө ээ болгон Ниязалиев аттуу жаран 2010-жылы каза болгон соң анын үйүн акыйкатчынын катчысына которуп коюшкан. “Каза болгон кызматкердин жаш балдары бар экендигине карабай үйдү кайтарып алып, катчысына берип койгон. Андан соң Акун үйдү өзүнө каттатып алып, 14-майда кайра башка бирөөгө өткөрүп берген”,- дейт Бекматов. Ал кошумчалагандай, акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине 10 депутаттын 8и кол койгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан