Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 2-күнү орун алууда.
Анда 77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Акжол Махмудов катышты. Ал жарым чейрек финалда 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү түштүк кореялык Ким Хен У менен кездешти. Беттештин 1-бөлүгүндө Акжол Махмудов 3:2 эсеби менен жеңишке жетип, 30 секунддук тыныгууга кетти. 2-бөлүктө Акжол Махмудов эсепти 7:3кө айлантып, жеңишке жетти.
Муну менен Акжол Махмудов мелдештин чейрек финалына өттү.