Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинин жарым финалына өттү.
Бүгүн, 22-августта Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеши уланууда. Анда 77 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Акжол Махмудов чейрек финалда өзбекстандык Билан Налгиев менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Акжол Махмудов мыкты болуп, 6:4 эсеби менен жеңишке жетти.
Муну менен Акжол Махмудов мелдештин жарым финалына чыкты.