Кыргыздын Тайбокс федерациясынын президенти, чемпиондор Антонина жана Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченкого Эмгек сиңирген машыктыруучу наамы ыйгарылды. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Елена Шевченко машыктыруучу катары эл аралык класстагы 11 спорт чеберин, Кыргыз Республикасынын кыркка чукул спорт чеберин жана 150гө чукул спорт чебери наамына талапкер улан-кыздарды тарбиялаган.
Елена Шевченконун кичүү кызы Валентина Шевченко эрежесиз уруш боюнча 18 беттеш өткөрүп, анын ичинде 15 жолу жеңишке жетип 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми улуу кызы Антонина Шевченко буга чейин эрежесиз уруш боюнча 5 беттеш өткөрүп, анын баарында тең жеңишке жеткен.