Бүгүн, 22-августта кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештин жарым финалына чыкты.
Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагындагы грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланууда. Анда 97 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Үзүр Жусупбеков катышып жатат. Ал чейрек финалдык баскычтан күрөшүп баштап, япониялык Нара Юта менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Үзүр Жусупбеков 7 упай топтоп, 7:1 эсеби менен жеңишке жетти.
Муну менен Үзүр Жусупбеков мелдештин жарым финалына өттү.
Айта кетсек, буга чейин 77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов жарым финалга өткөн.