Кыргыз балбаны Үзүр Жусупбеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинде коло медаль үчүн күрөшөт.
Бүгүн, 22-августта Жакарта шаарында Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештери уланууда. Анда 97 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Үзүр Жусупбеков катышып жатат. Ал чейрек финалдан беттешти баштаган. Анда Жусупбеков япониялык Нара Юта менен кез келип, аны 7:1 эсеби менен утуп алган. Жарым финалда Үзүр Жусупбеков кытайлык Сяо Ди менен күч сынашып, тилекке каршы, жеңилип калды.
Муну менен кытайлык балбан финалда алтын медаль үчүн күрөшсө, Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күч сынашат.
Айта кетсек, 77 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалга чыгып, алтын медаль үчүн күрөшөт.