Ырчы Адилет Азимовдун көлдүн жээгинде бийкеч менен түшкөн сүрөтү кызуу талкуу жаратты

"Махабат, махабат, күтөмүн махабат..." деп сүйүүсүн издеген эстрада ырчысы Адилет Азимов социалдык тармактагы жеке баракчасына бийкеч менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Ырчынын күйөрмандары "сүйүктүүсүн тааптыр, бактылуу болгула" деген пикирлерин калтырган. Ырасында эле Адилет Азимов сүйүктүүсүн таптыбы деген суроого ырчынын продюсери Зарина Кыдыралиева жооп берди.

"Сүрөт "Барам, барам" деген чыгармага клип тарттыруу учурунда тартылган. Клиптин башкы каарманы 20 жаштагы Бегимай аттуу модель кыз. Негизи клип тарттыруу үчүн кастинг жарыялаганбыз. Бирок Адилет Бегимайды сунуштап калды. Аткаруу чеберчилигин жактырып, тандап алдык. Учурда клип тарттыруу иштери уланууда. Буга чейин Бегимай менен Адилеттин ортосунда мамиле болгон эмес. Балким, ушул иштешүүдөн кийин экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып калаттыр (күлүп)", - дейт Кыдыралиева.

Азимов репертуарындагы "Сүйүү күчү", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова менен аткарган "Болсочу", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен аткарган "Тоо булагым" жана башка чыгармалары менен таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
CEO1
2018-08-22 16:13:22
Ушул бир кундук ырчы ХХХ тойгузду да оздорун рекламалап... Оздорун мин реклама кылганы менен да эл тааныса бир жон... Мисалы мен бул баланы тааныбайм, атын биринчи угушум. Мен эле эмес, копчулук тааныбайт бул жигитти. Бир суротундо ХХХХ неме экен, озун "жылдыз" элестеткен, тоону томкоруп койгонсуп. Экинчисинде ХХХ озунчо эле. Ага караганда тиги кыз жакшырак тушуптур суротко...
+18
Kymbatym
2018-08-22 16:35:52
CEO1,эмнеге тааныбайсың чет жерде сынактардан баш байгени алып келген Адилет Азимов бир күндүк ырчы эмес жакында дагы бир чет жердеги сынака даярданып жаткан
-1
CEO1
2018-08-23 00:01:10
Kymbatym, эми каяктагы саны бар, сапаты жок конкурстарга барса барып жургондур да...

Гулжигит Сатыбеков мисалы озун эч реклама кылбайт, каяктагы сынактарга да катышпайт. Бирок эл анын ырларын издеп журуп угат. Ал озу ырдын созун жазып, обон жаратып, озу ырдап чыгат. Анын жанында буларын бир кундук ырчы эмей ким?!!
+3
aibars
2018-08-22 16:51:56
CEO1, Билбесен анда Дарак Ыры деген тасма корсон. Ошол кинодо башкы каармандын ырынын баарын аткарган. Дарак Ыры биздин тарыхтагы биринчи мюзикл жанрында тартылган тасма.
0
aibars
2018-08-22 18:03:32
CEO1, Сен тааныбасан башкалар тааныйт. Сен озун учун жооп берчи, башкаларды коюп. Анан дагы Асан Кайгы боло бербей. ХХХ ХХХХ
-6
CEO1
2018-08-22 16:16:55
Эл сындасын, талкууласын деп реклама кылып алып чыгыпсынар, эч ким тааныбаган бирини...

Жакшы ырчы болсо эл озу эле таанып алмак, рекламасы жок эле...

Азыркы бир кундук ырчылар жылына 2-3 жаны ыр жаздырып, клип тартып, анан тойлордо журо беришет. Ошол ырдын же автору эмес, же обонун озу жапатпаган. Даяр ырды эптеп септеп ырдап чыккандар... Клиптери дешевый клип, мааниси жок, ондогон мин доллар коротсо да...

Илгери Бек байке ар жылы 2 альбом ыр жаратчу эле
+5
aibars
2018-08-22 17:02:40
CEO1, Кыргызда коро албастык, ичи таардык жаман адат бар. Ошон учун биз онукпойбуз. Ушинтип ар нерсени суйлой беруудон мурда. [moderated]ка кирип бул ким, кандай ырдайт экенине саресеп салып келсен.
-4
CEO1
2018-08-23 00:03:12
aibars, коро албастык менен чындыктын айырмасын билбесен, кантип жашап журосун?!! Ансыз да буга окшогон бир кундук ырчылар толуп кетти, саны коп, сапаты жок. Эми ошолорду тегиз мактап чыгалыбы ыя?!!
+1
aibars
2018-08-22 18:01:55
CEO1, Сени таанып алсын деп чыгарган, эми тааныш болуп журосун;))
-3
mem77
2018-08-22 16:17:32
Бул жигитти силер тааныбасаңар мен тааныйм, өзүн болбосо да мукам үнүн, талантын таанып, көрүп, билип, баалап келем
-4
CEO1
2018-08-22 16:22:26
mem77, сага окшоп тааныгандар канчоо?!! 5-10 эле адам болсо керек, тууган-уругу, тааныш-билиштеринен сырткары...

Мукам уну болсо эмнеге эл тааныбайт ыя? Эмнеге?! Ырчы дейсин, ырчы болсо озун алып журуу этикасын билбейби?!! Адамга окшоп суротко тушконду билбейби?!!

Сыймык байкенин ушуга окшоп кыйшайып ХХХ суротко тушконун элестете аласынбы?!!

Ырчы имиш, репертуарында канча ыры бар, анын канчоосунун автору (созун жазган) жана обончусу озу?!!
+2
aibars
2018-08-22 16:59:49
CEO1 Салам, Дарак Ыры деген кинону корсон ошондогу башкы каармандын ырынын баарын аткарган. Эми жаны чыгып келе жататко. Баары эле бир кундо атактуу болуп кетпейтда.
+1
Snejana
2018-08-22 17:44:08
CEO1,элдин атынан суйлобогуло, "эл тааныбайт" деп. Ар ким озуно жооп бериш керек.
+1
Alinur96kg
2018-08-23 03:51:18
CEO1,билбейм байкесинерби же эжесинерби, эч ким эле атактуу болуп туулган эмес да. Мен деле тааныбайм бул ырчыны.Болгону ызылдабай эле ийгилик деп койгула да.Бироого ийгилик каалап койгондон эч нерсебиз кемип кетпесе керек.
-1
zhanka1234
2018-08-22 16:35:58
Шымы кыскаго....))))
-2
Paprikafm
2018-08-22 16:37:18
Менда биринчи жолу угуп жатышым
+3
Kymbatym
2018-08-22 16:39:22
Башкаларды сүйлөсөңөрда Адилет Азимовко сөз тийгизбегиле чет жерге сынактарга чыгып баш байгени алып келген Омар кандай Кыргызстанды тааныткан болсо бул деле ошондой жакында дагы бир сынака даярданып жаткан деп окуп калдым
-5
repli
2018-08-22 16:45:13
Гулнур Сатылганова менен "Болсочу" деген ырды жакшы ырдап чыккан жигит. [moderated] дан "Болсочу" Гулнур Сатылганова деп издесенер коро аласыздар. Ссылкасын жоноттум эле, модератор уруксат бербейт окшойт.
0
010288
2018-08-22 17:15:44
Пфффф
-1
titanik32
2018-08-22 17:51:52
Мен да биринчи көрүп билип жатам,бул лапочкалар бүгүн бар эртең күйүп кетет өчөт.Өздөрүн тим эле асманга көкөлөтүп көтөрүп алгандарычы.
+3
bond02
2018-08-22 18:01:32
Озунчо эле керсейет го катып, эмгеги синип кеткен немедей.
+2
aibi8984
2018-08-22 20:47:19
"Кыргызстан примитивная страна"деген беле сынактан женгенде?
-2
monster_high_98
2018-08-22 20:55:59
Тобаа бироо жамандаса эле артынан кеттии баарысы жамандап! Азыркы фонограмма менен куну откон лапшаларга караганда жандуу ун менен жакшы эле ырдайт го бул ырчы!?Анан да суперге озу кайрылган эмес!Менин суротумду кошкулачы деп, кабарда билинип тургандай эле супер жазып, продюсеринен гана жооп алган,ырчынын озунон эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан