ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин көчөсүндө күндүз жарыктар күйүп турат. Ошол электр энергиясы түнкүсүн караңгы көчөлөргө жумшалса жакшы болмок" дейт окурман

"Элдик кабарга" тургун "Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль көчөсүндө чак түштө жарыктар күйүп турат" деген видеону жөнөттү. Анын билдирүүсүнө ылайык, ал видеону бүгүн, 22-августта тартып алган.

Видеодо автор жарыкты үнөмдөйбүз деп Бишкектин башка негизги көчөлөрүнө электр энергиясы берилбегенин айтып, күндүз коротулган энергияны түнкүгө жумшаса жакшы болмок деп айткан.

Ал мындай көрүнүшкө буга чейин да күбө болгонун кошумчалаган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Бишкекте чак түштө жарыктар күйүп турат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2018-08-22 23:39:20
Бул датчик менен иштейт караңгы болгондо же күн бүркөктөда күйөт бирок бизде кееде караңгыда күйбөй калат)
0
Jigitchem
2018-08-23 00:06:28
Ой жон эле ызылдай бербегилечи мумкун ондоо иштери журуп жаткандыр куйуп кеткендерин алмаштырып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан