Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында азыркы тапта Кыргыз өлкөсү 3 күмүш жана 3 коло медаль менен жалпы медалдык эсепте 18-орунду ээлеп келе жатат. Тизмеде 1-орунда Кытай, Япония жана Түштүк Корея өлкөлөрү жайгашкан.
Бүгүн, 22-августта Кыргыз спортчулары өлкөбүздүн капчыгына 3 медаль алып келиши мүмкүн. Алар Акжол Махмудов алтын, Үзүр Жусупбеков коло медаль үчүн күрөшсө, оор атлетика боюнча мелдеште Иззат Артыков медаль тагынышы мүмкүн.
Акжол Махмудов финалдык беттеште ирандык балбанды утуп алып, алтын медаль тагынса Кыргыз капчыгында алгачкы алтын медалды камсыздап, Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 13-орунга көтөрүлүшү мүмкүн.
Ал эми Иззат Артыков дагы Кыргыз капчыгына алтын медаль алып келе алса, Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 11-орунга көтөрүлүп, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн ашып өтөт.