Депутат Акылбек Жапаров: "Жээнбеков президент болордун алдында берген убадаларын так аткарууга аракет кылууда"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.

Мындан тышкары президент коррупционерлердин аттарын ачык айткыла, күрөшөбүз дегени менен коомчулукта улам-улам айтылган ысымдар боюнча эч кандай реакция кылбай жатат.

Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жооп берди.

Анын айтымында, учурда коррупцияга каршы күрөш тандалма мүнөзгө ээ эмес.

"Сооронбай Жээнбеков президент болордун алдында берген убадаларын так аткарууга аракет кылууда. 2040-жылга чейинки Улуттук стратегияны кабыл алып жатып да өзүнүн 5 жылда жасачу приоритеттүү пландарын айтып берди. Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштер боюнча парламентте да талкуу болуп, бүтүн эл маалымат алды. Бул коррупцияга каршы күрөш саясий оппоненттерге каршы күрөш эместигин далилдеп берди. Эми энергетиктер мындай кадамдарга барбайт. Башка тармактарды да ушинтип тазалап койсо болот. Тышкы карыздын 30 пайызын энергетиктер, 30 пайызын жол куруучулар алган. Калган каражаттар бюджетти колдоого жумшалган. Менимче, президент коррупцияга каршы күрөштү токтоткон жок. Эл менен да ачык эле иштешүүдө.

Жалал-Абадда болгон жашоочулар менен жолугушуу имараттын ичинде болгону үчүн, албетте, бирөө барып, бирөө бара албай калат. Ошол жолугушууда Мамлекеттик каттоонун мурунку башчысы "мени тапанча менен атты" деп президентке айтып берди. Мындай маселелер президентке жетип жатат. Ал эми сот деген эч качан бир тараптуу болбойт. Биз ушуга көнүшүбүз керек. Соттун чечими чыга электе божомолдоп, бирөөнү күнөөлүү деп айтпашыбыз зарыл. Бишкек мэрин шайлоодо премьер-министр өз оюн айтты. Жаңы келген бийлик эле сунуштабай, мэрди депутаттар сунуштап чыкты. Азиз Суракматов да жаман жигит эмес. Байкап көрөлү. Бизнестен келген киши деп эле жерий бергенибиз туура эмес. Мына, Нариман Түлеев бизнесмен дегенибиз менен Бишкекке көп иштерди жасаган. Азыр да шаардыктар аны мактап жүрүшөт", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, саясат таануучулар Марс Сариев, Эмил Жураев, журналист Нарын Айып жана коомдук ишмер Бакыт Рыспаевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан