Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кайрылууларында, жолугушууларында элге жакын болорун, алардын үнүн угууга ар дайым даяр экенин айтып келет. Бирок өткөн жумада 3 шайлоочусу аймакка барган президентке жолугууга аракет кылганы үчүн кармалып, айып пул төлөөгө аргасыз болушту.
Бул окуялар президенттин сөзү менен иштери боюнча коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттин айткан сөздөрү менен аткарган иштери эмнеге төп келбей жатат?" деген соболуна коомдук ишмер Бакыт Рыспаев жооп берди.
Ал президент коомдогу окуяларга өз пикирин билдирип турушу керек деген ойдо.
"Президенттин эл менен жолугушууга барганда айрым адамдарды милиция кызматкерлери тосуп, жыйынга киргизбей койгону боюнча маалыматтар бизди да ойлонтуп жатат. Бул жерде президентти күнөөлөгөн туура эмес. Тегерегиндегилер жолугушууну жакшылап уюштурушу керек эле деген ойдомун. Мамлекетте болуп жаткан иштер боюнча социалдык тармактарда талкууларга президент же анын аппараты тарабынан реакция болуп турса деген пикирлер айтылууда. Мисалы үчүн, Роза Отунбаева президент кезинде социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ар бир окуяга өзүнүн ой-пикирин билдирип турчу. Азыр андай болбой жатат. Бул багытта президенттик аппарат иш жүргүзүшү керек. Ал эми коррупция боюнча тергөө иштери болуп жатканын эл оң баалап жатат, бирок башка да тармактарда олуттуу, сезе турган реформаларды күтүп жатканын биз байкоодобуз", - деди Рыспаев
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Акылбек Жамангулов, саясат таануучулар Марс Сариев, Эмил Жураев жана журналист Нарын Айыптын пикири бул шилтемеде.