Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын оор атлетика боюнча мелдеши өтүп, Кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыков коло медаль тагынды.
Жакарта шаарында оор атлетика боюнча мелдеште 69 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында мелдеш орун алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Иззат Артыков катышып, коло медаль тагынганга үлгүрдү.
Иззат Артыков булкуп көтөрүүдө 147 килограммдык штанганы, түртүп көтөрүүдө 183 килограммды көтөрдү. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 330 килограммды түзүп, ал коло медалдын ээси болду.
Бул салмак ченде 1-орунду 336 килограмм менен Түндүк Кореянын спортчусу Канг Чои, 2-орунду 331 килограммды көтөргөн өзбекстандык Достон Якубов ээледи.