Токон Мамытов: "Өзбекстан чек араны бузган кыргызстандыктарга курал колдонбоо тууралуу протоколго кол коюудан баш тартты"
"Өзбекстан чек ара эрежесин бузган кыргызстандыктарга курал колдонбоо тууралуу протоколго кол коюудан баш тартты",- деп билдирди коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов 1-июлда маалымат жыйын учурунда. Айтымында, чек ара кызматын жетектеп турган учурда өзбекстандык чек ара башчыларына эки жолу кайрылып, аялдарга, жаш балдарга жана кары-картаңдарга ок чыгарбоо тууралуу маселе көтөргөн. "Биз мындай протоколго март айында Тажикстандын чек ара кызматы менен кол койгонбуз, буга байланыштуу чыр-чатактар төмөндөдү. Бирок өзбек тарап буга макул болбой, мыйзам боюнча чек араны бузган жаранга ок чыгарууга милдеттүү экенин айтышууда. Сөз жүзүндө ок чыгарууга жеткирбейбиз дешкен, а бирок иш жүзүндө эмне болуп жатканын көрүп жатабыз",- деди Токон Мамытов. Ал ошондой эле кечээ жакында өзбек чек арачысы кыргыз жаранын атып өлтүрүп, бул окуя боюнча Өзбекстан биргеликте иликтөө жүргүзүүдөн баш тартканын кошумчалады. "Алар "Кыргызстан өзүнүн иликтөөсүн жүргүзсүн, биз өзүбүз иликтейбиз. Жыйынтыгын бири-бирибизге тааныштырганыбыз оң" дешкен",- деди Мамытов.