ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Араванда унаа өткөн жолго мамы кулап түштү. Мамылардын абалына көз жүгүртүү зарылчылыгы бар"

Ош облусуна караштуу Араван районундагы Кичик-Алай айылындагы капчыгайда жолго жоон мамы кулап түштү. Бул тууралуу окурман маалымдап, мамы кечээ кулаганын билдирди.

"Бактыга жараша, мамы унаанын үстүнө кулаган жок" дейт ал өзүнүн билдирүүсүндө.

"Мамы унаанын үстүнө куласа адамдын соо калышы күмөндүү. Жоон мамы катуу түшмөк. Мындан улам жолдордогу мамылардын абалына көз салуу зарылчылыгы турат дей ойлойм. Ал эскиргенден кулады да. Мамыны алуу үчүн жүк тарткан техника 1 саатта келди. Жолдо зарыл жумуштарыбыздан калып күтүп турдук. Айылда жарык да өчүп калган болчу", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан