Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалын утуп алды

Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалды утуп алды.

Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 77 килограммга чейинки салмак чениндеги 19 жаштагы балбаныбыз Акжол Махмудов катышты. Ал жарым чейрек финалда Олимпиаданын чемпиону түштүк кореялык Ким Хен У менен беттешип, аны 7:3 эсеби менен утуп алган. Чейрек финалда Махмудов өзбекстандык Билан Налгиевди 6:4 эсеби менен утуп, жарым финалда түркмөнстандык Шермет Пермановду кыйынчылыксыз эле утуп финалга аттанган.

Финалда Акжол Махмудов 24 жаштагы ирандык Мохаммедали Герай менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Акжол Махмудов 3 упай алса, анын атаандашы 7 упайга ээ болду. Муну менен ирандык балбан алтын медалдын ээси болсо, Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болуп, өлкөбүздүн капчыгына 8-медалды алып келди.

Буга чейин Кыргыз капчыгына күмүш медалдарды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Каныбек Жолчубеков алып келишкен. Коло медалдарды балбандар Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Амантур Исмаилов, оор атлетчи Иззат Артыков алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Jin1209
2018-08-22 18:34:26
Алтын го
+3
ilgizk
2018-08-22 18:34:39
Акжол чарчап калды
Азаматсың Акжол башты жерге салба, али баары алдыда.
+6
Jin1209
2018-08-22 18:34:40
Алтынга
+1
Kuduret-Batken
2018-08-22 18:34:53
Мен сенден алтынды куттум эле
+8
balakai-1997
2018-08-22 18:35:49
Эртеден бери дуба кылып отургам Акжол ут[moderated]деп эээх
+4
buiga
2018-08-22 18:53:05
Ушул баладан алтын куттум эле.
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-08-22 19:06:53
Сыйлоо аземи болду Акжолдун маанайы жок. Келгиле кыргыз элим спортсмендерибизди жогорку деңгээлде күтүп алалы. Акжол сен али жашсың сага ишенебиз кудай буюрса олимпиада чемпиону болосуң көңүлүңдү түшүрбө.
+9
Abish99
2018-08-22 19:13:30
Азамат! Алтын болбосо да, күмүш буюруптур. Жакшы тренировка кыла бер дагын алды да дүйнөлүк олимпиада бар ошондон медал алышынды күтөм. Ийгилик!!!
+10
meni_kut
2018-08-22 19:52:10
Спортчулар аракет кылды,диванда жаткан комментаторлор жакшы созду аябайлы,ийгилик буйруса олимпиадада алтын алат.
+5
Alpengold.
2018-08-22 19:54:15
Ушунусунада шугур, жаман эмес жакшы.
+1
Dembele84
2018-08-22 20:07:36
19 жашында ушунча даражага жетип журот.Келечегин алдыда иним,дагы алдыда коптогон ийгиликтерди кутобуз!!!
+5
Ankel
2018-08-22 20:10:57
Азаматсың Акжол, эми 19 жашта экенсиң, күчкө толгонуңда сага атаандаш табылбайт, ушул темп менен кетсең. Куттуктайм! Ар бир кыргыз жаш уланы азыр сенин ордуңда болууну самайт.
+1
rysik79
2018-08-22 23:33:44
Донуздай эле экен иран. 90кгдан кууган чочко экен . Акжолдон 20кга оор корунуп турбайбы. Экинчи орун деле жаман эмес.
-1
a.sheralievic.91
2018-08-23 00:03:04
Чоку болот тоолордун бийик жери чокудай боооол КЫРГЫЗдын жигиттери
0
BarsBaatyr
2018-08-23 10:44:01
Күмүшүң кут болсун!Буйруса кийинкисинде алтынга жетесиң.Кичинекей бир кеңешим бар Акжолго.Жеңген атаандаштарыңы тоготпогондой кылып койгонуң көрүнүп турат.Көкүрөгүңдөгү Кыргыздын желегин көрсөтүп мактанганга жараша атаандашыңы дагы бир кучактап колунан кармап койсоң Кыргыздын жакшы касиетин көрсөткөн болоор элең.Мындан кийинки меледештериңе жалаң гана ийгиликтерди каалайбыз!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан