Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалды утуп алды.
Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 77 килограммга чейинки салмак чениндеги 19 жаштагы балбаныбыз Акжол Махмудов катышты. Ал жарым чейрек финалда Олимпиаданын чемпиону түштүк кореялык Ким Хен У менен беттешип, аны 7:3 эсеби менен утуп алган. Чейрек финалда Махмудов өзбекстандык Билан Налгиевди 6:4 эсеби менен утуп, жарым финалда түркмөнстандык Шермет Пермановду кыйынчылыксыз эле утуп финалга аттанган.
Финалда Акжол Махмудов 24 жаштагы ирандык Мохаммедали Герай менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Акжол Махмудов 3 упай алса, анын атаандашы 7 упайга ээ болду. Муну менен ирандык балбан алтын медалдын ээси болсо, Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болуп, өлкөбүздүн капчыгына 8-медалды алып келди.
Буга чейин Кыргыз капчыгына күмүш медалдарды балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова жана Каныбек Жолчубеков алып келишкен. Коло медалдарды балбандар Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Амантур Исмаилов, оор атлетчи Иззат Артыков алып келген.