Алмазбек Атамбаев: “Дүйнө өлкөлөрү Кыргызстандын келечегине ишенүүдө”

“Дүйнө өлкөлөрү Кыргызстандын келечегине ишенүүдө. Ар бир ай сайын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине биздин өлкөдөгү дипломатиялык өкүлдөргө жаңы аккредитация алуу суранычтары түшүп жатат. Негизгиси Бишкекте жаңы элчиликтер ачылууда. Бул бизди кубандырбай койбойт”. Мындай пикирин өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-июлда 6 мамлекеттин Кыргызстандагы элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алуу салтанатында билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Кыргызстан масштабдуу өзгөрүүлөргө кабылып, оңой эмес абалда турганда элчилерге ардактуу жана жоопкерчиликтүү миссия жүктөлгөнүн белгиледи. Муну менен катар президент эң кыйын күндөр артта калганын айтып ишендирип өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан