Лондондун борборунда күйүүчү май менен иштеген унаалар менен жүрүүгө тыюу салынды

Улуу Британиянын борбору Лондон шаарынын бийлиги бензин жана дизель менен жүрүүчү унааларга шаардын борбордук көчөлөрүндө жүрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу "Таймс" басылмасы жазып чыкты.

Чектөөлөр борбордогу 9 көчөдө киргизилет, анда жолдордо гибриддүү же электр кыймылдаткычтуу унаалар менен гана жүрүүгө уруксат берилет. Чектөөлөр 3-сентябрдан тартып күчүнө кирет. Эрежени бузгандарга 130 евро өлчөмүндөгү айып салынат.

Ушундай эле чектөөлөр көптөгөн эл аралык компаниялардын башкы кеңселери жайгашкан Сити районунда 2019-жылдын апрель айында киргизилери айтылууда.

2017-жылы Улуу Британиянын бийлик өкүлдөрү 2040-жылдан тартып өлкөдө бензин жана дизель менен жүргөн унааларды сатууга тыюу салынарын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
turaliev
2018-08-23 11:47:33
Молодцы
+5
turaliev
2018-08-23 11:47:56
Базара нет
+4
Emilzima
2018-08-23 12:32:06
Бизде да ушундай болуш керек.Козу карындай жайнаган май куюуучу жайлар жабылып, алардын ордуна социалдык объекттер тушот эле.Бензин ак майдан кымбат болуп кетти го.Машинага бензин куйгандан ичин ачышат.
+1
bond02
2018-08-23 13:23:14
Emilzima,жоо жур анда, шаар бир аз тазалансын.
0
amirrus
2018-08-23 13:29:47
мына сага прогресс
+1
Rifle_I
2018-08-23 14:09:29
Бизде электромашиналар барбы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан