21 жаштагы кыз "автоунаа уурдаган" деп айыпталууда
Чүйдүн Аламүдүн районунан "автоунаа уурдаган" деп айыпталып 21 жаштагы кыз кармалганын Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады. Мыкан айылынын 50 жаштагы тургуну Валерий У. милицияга арыз менен кайрылып, 19-июнда саат 10:30 чамасында үйүнүн алдында токтоп турган Хонда Стрим унаасын белгисиз бирөө уурдап кеткенин айткан. Аламүдүн РИИБинин ыкчам иликтөө бөлүмү тарабынан кылмышка шектүү изделип, жыйынтыгында 1992-жылы туулган Любовь К. аттуу айым кармалды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.