Жайкы Азия оюндары: Суучул Владислав Шулико 50 метр аралыктагы жарышта Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады

Бүгүн, 23-августта Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарыш орун алды.

Анда баттерфляй стилинде Кыргыз өлкөсүнөн Владислав Шулико катышты. Шулико 5-айлампада күч сынашып, 24,94 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 8 спортчунун арасында 6-болуп келди. Бул жыйынтык кыргыз спортчусуна финалдык этапка өтүүгө мүмкүнчүлүк бергени менен, Шулико 50 метр аралыктагы баттерфляй стилинде Кыргыз Республикасынын рекордун жаңылады.

Жалпы эсепте Владислав Шулико 40 спортчунун арасынан 18-орунду ээледи.

Жайкы Азия оюндары: Суучул Владислав Шулико Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Farra16gsin
2018-08-23 14:12:38
Ооуууу тим эле кыйраткан турбайбы
-1
Aisha02
2018-08-23 14:58:08
Бугун кайсы спорттун турлору боюнча чыгат эле? Эмне жыйынтык болду кабар берип койосунарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан