Бүгүн Кыргыз Республикасынын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры Салижан Шарипов 54 жашка чыкты. Ал 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген.
Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Украинанын Харьков шаарындагы жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.
1990-жылы космонавттарды даярдоо борборунда - "Жылдыздар шаарчасында" татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык кесиптештери менен бирдикте "Спейс-шаттлдын" космостогу системин толугу менен өздөштүргөн.
1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан америкалык-орусиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан "Шаттл STS Endeowor" космостук кемеси менен Орусиянын 88, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп космоско учкан. Салижан Шарипов космостон "Шак" деген ысым алган.