Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.
Анын айтымында, азыркы учурда туура эмес иш, катачылык жасалса же мыйзам бузуу болсо бирөөнүн камалганын эле күтүп калган заман болуп калды.
"Адамды камоонун алдында кылмыш иши козголушу керек. Кандай кылмыш жасаганы далилдениши зарыл. Дагы бир варианты бар. Сын-пикир менен айта турган болсок, балким, кээ бирөөлөр өздөрүнүн жакын санаалаштары болушу мүмкүн. Себеби азыркы президент мурунку мамлекет башчы Атамбаевдин эле командасынан чыккан. Баары бир командада болуп административдик ресурсту колдонуп, бийликке чогуу келишкен. Атамбаевге аябай жакын адамдардын көпчүлүгү камалып жатат. Балким, камалбагандары Сооронбай Шариповичке жакыныраак. Биз кылмыш бар экенин билсек, далил менен азыркы күч органдарына маалымдашыбыз керек. Далилдин негизинде кылмыш иши козголбой жатса, анда "аны бийлик коргоп, эч кандай коррупцияга каршы күрөш жүрбөй жатат" деп айтып чыксак болот. Эң негизгиси далилдер болуусу шарт.
Атамбаевдин убагында күч түзүмүн башкарып тургандарды сөзсүз түрдө камаш керек дей турган болсок, таптакыр өнүгө албайбыз. Бүгүнкү күндө камаган ыкмалардан айып пул салып, мындай кызматтарды ээлегенден баш тарттыра турганга өтсөк жакшыраак болот. Түрмөлөрдүн санын көбөйткөндөн көрө айып пулдун акчасы менен анча-мынча мамлекеттик карыздарыбызды жоюп алсак пайда болмок", - деди Рита Карасартова.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Канатбек Азиз, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.