Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңештин жыйынында соттордогу, күч түзүмдөрдөгү коррупцияны кескин сынга алган эле. SUPER.KG порталынын "Эмнеге ошол кездеги жетекчилер ушул кезге чейин камакка алына элек?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.
Ал президент туура эмес кадрларды тандап жатат деген пикирде.
"Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо системин аябай катуу сындады эле. Бирок ошондон бери эч нерсе өзгөргөн жок. Менин оюмча, мунун бир себеби Жээнбековдун да мурдагы президенттердей эле ката кетирип жаткандыгында. Ал да жаңы мыйзамдарды жазсак эле баары өнүгүп кетет деген жаңылыштык ойго берилип кеткен. Себеби институттарды, мыйзамдарды иштете тургандар - бул адамдар. Дүйнөдөгү мыкты мыйзамдарды көчүрүп алса да туура адамдарды тандабаса алар ишке ашпайт. Кагаз түрүндө эле калып калат. Жээнбековдун эч нерсе өзгөртпөгөнүнүн бир себеби катары анын жаңылыш жол менен кетип жатканын айтам. Президент жаңы эрежелер, жаңы кодекстер ишке кирсе коррупциядан тазаланып калабыз деген жаңылыш пикирде кетип жатат. Бардык мыйзамдарды иштете турган - бул адамдык капитал. Азыр карасаңыз, акыркы 30 жылда колунан эч нерсе келбеген кишилерди бийликке алып келип жатат", - дейт Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Адахан Мадумаров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Канатбек Азиз, КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева, жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.