Акын, драматург жана котормочу Эрнис Турсунов 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында туулган.
Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен билим алган.
Жогорку окуу жайды бүтүп, Башкы башкарманын искусство иштери боюнча башчысынын орун басары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Тажикстандын жана Кыргыз мамлекетинин мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, "Мектеп" басмасында улук редактор, "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген.
Чыгармачылыгы
Э.Турсуновдун чыгармачылык жолу мектепте окуп жүргөндө башталып, алгачкы "Гүл" аттуу ырлар жыйнагы 1956-жылы жарык көргөн. Андан кийин "Булбул" (1961), "Жигиттер" (1970), "Бийиктик" (1975), "Автопортрет" (1978), "Чексиз сүйүү" (1983) жана башка ыр жыйнактары чыгарылган.
Анын калеминен жаралган ырлардан башка дагы "Бадахшан" (1981), "Ата Журт" (1990), "Таттыбүбү" (1999), "Жоомарт Бөкөнбаев" (2000), "Балбай" (2002), "Ажал айтып келбейт", "Автопортрет", "Боронбай" (2004), "Биздин замандын баатыры" (2007), "Эл душманы" (2010) сыяктуу прозалар жана романдар, тарыхый инсандарга, окуяларга арналган мыкты чыгармалар, көзү өтөр алдында "Муктаждык" ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Драмалары
Эрнис Турсуновдун "Ай чырайлуу кыздар" ("Сулуулар"), "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр" сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлган.
"Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагун" деген опералык либретторлоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.
Котормолору
Э.Турсунов А.С.Пушкиндин "Евгений Онегин" романын, Н.А.Некрасовдун "Русь жеринде ким жыргайт" дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гогольдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский жана башкалардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Э.Турсунов телерадио комитетинде иштеп турганда "Биздин радиотеатр" деген радиоуктурууларга мыкты драмаларды сунуш кылып, классикалык көркөм чыгармаларды фондго жаздырган.
Ал мусулмандардын ыйык китеби "Куранды" жана христиандардын "Библиясын" биринчилерден болуп кыргызчага которгон.
Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген наамдары берилген.
Эрнис Турсунов адабият жана маданият тармагында ыйгарылуучу эл аралык Түгөлбай ата коомунун, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Эрнис Турсунов 2014-жылы 11-июнда 79 жаш курагында каза болгон.
24-августтун жылнаамасы.