28-июнда болжол менен саат 07:15 чамасында Интернационал-Кант унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, БМВ жана Ауди-80 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди-80 унаасы күйүп кеткен, ал эми айдоочусу, 25 жаштагы К.С. жана 3 жашар жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болушкан . Ошондой эле дагы 2 жаран ар кандай жаракаттар менен Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.