Өлкөдөгү ооруканалар 2013-2014-жылкы жылытуу сезонуна даярданууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 1-июлда билдиргендей, министр Динара Сагынбаева тиешелүү буйрукка кол койду. Даярдык иштерин жүргүзүү боюнча план түзүлүп, ага карата жооптуу адамдар дайындалды. Дарылоо-алдын алуу уюмдарынын жетекчилерине 2013-жылдын 1-сентябрына чейин кательныйлардын даярдыгы боюнча маалымат берүү буйругу берилди.