Жайкы Азия оюндарынан коло медалды уткан Иззат Артыков: "Алдыда Токиодо өтүүчү Олимпиада күтүп жатат"

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын оор атлетика боюнча коло медалынын ээси Иззат Артыков атаандаштары жана алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, анын атаандаштары абдан күчтүү болушту жана ал машыктыруучулары менен кеңешип алтын медалды жеңип алууга аракет көргөн.

"Алдыңкы орундарды ээлеген түндүк кореялык жана өзбекстандык атаандаштарым абдан күчтүү экен. Дагы бир түндүк кореялык оор атлет 3 жолку аракетинде тең штанганы көтөрө албай калды. Ал аны көтөрүп кетсе, мен 4-орунда болуп калмакмын. Биз булкуп түртүүдө алгач 178 килограммдан баштадык, андан кийин 183 килограммды түртүп 3-орунда болдум. Түндүк Кореянын спортчусу 188 килограммдык штанганы түртө албай койгондуктан, бизде алтын же күмүш деген суроо пайда болду. Биз алтын алабыз деп чечип 190 килограммды көтөрүүнү тандадым. Бирок штанганы төшкө алып, андан ары көтөрө албай койдум. Эми Кудай ушуну буюруптур", - деп айтты Артыков.

Ошондой эле Иззат Артыков буга чейин 190 килограммдык штанганы көтөрүп жүргөнүн айтып берди. "Буга чейин 190 килограммды машыгууларда көтөрүп жүргөм. Биринчи аракетимде 178 килограммды көтөргөн болчумун, экинчиде 183 килограммды көтөрдүм. Бул экөөнүн айырмасы азыраак, 183төн 190 килограммга барганда салмактын айырмасы көп болуп калды. 3-аракетимди колдонуу үчүн абдан көп убакыт күтүп калдым. Ошол себептен 190 килограммды көтөрө албай койдум деп ойлойм.

"Мен машыгууларды 2018-жылдын январь айында баштагам, ага чейин психологиялык жактан бир аз даяр боло албадым окшойт. Машыгууларды өткөрбөй көп убакыт өтүп кетти. Бул мелдеште психологиялык даярдыгым жакшы эле болду, бирок физикалык даярдыктан күчсүз болуп калдым. Анткен менен атаандаштарым менден чоң экен. Алардын булчуңдары, өздөрү чоң болушту", - деп кошумчалады Артыков.

Алдыдагы максаттары тууралуу Иззат Артыков төмөнкүлөрдү айтып берди: "Алдыда Токиодо өтүүчү Олимпиада күтүп жатат. Пландар жакшы, даярданып баштадык. Эми мындан ары Азия, Дүйнө чемпиондуктарына катышып, жакшы ийгиликтерге жетип, 2020-жылы өтүүчү Олимпиадага жакшы жыйынтык менен барабыз деген ойдомун", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-08-23 20:33:55
Буйруса болот баарысы!Ийгилик !
+2
anonymous
2018-08-23 22:14:59
Стрихнин деген конфеттен жеп алганда көтөрмөк
-2
monster_high_98
2018-08-24 07:11:49
anonymous,Кыйратасын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан