Голливуд актёру Жейсон Стэтхем менен Роузи Уайтлинин үлпөт тоюнун датасы белгиленди

8 жылдан бери, тагыраагы, 2010-жылдан тарта жарандык никеде жашап жүргөн Англиянын белгилүү актёру Жейсон Стэтхем менен анын сүйүктүүсү Роузи Хантингтон Уайтли никесин мыйзамдаштырып үлпөт той өткөрүшөт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алардын үлпөт тою Жаңы жылга жакын өтүп, кышындагы жыл жыйынтыктоочу эң маанилүү окуялардын бири болору күтүлүүдө.

Стэтхем 2010-жылдан тарта сүйүктүүсү "Victoria's Secret`тин" "перилеринин" бири саналган фотомодель жана актриса Роузи Уайтли менен мамиле куруп, 2016-жылы үйлөнө тургандыгын жарыялаган. Бирок актрисанын кош бойлуу болгондугуна байланыштуу тойду кийинкиге калтырышкан.

Түгөйлөр 2017-жылы 24-июнда Жек Оскар Стэтхем аттуу уулдуу болушкан.

Роузи Уайтли менен Жейсон Стэтхемдин салтанаттуу үлпөт тою 31-декабрга белгиленген, бирок жылдыздуу түгөйлөрдүн жыл аягын күтүп отурбай эле никесин каттатары күтүлүүдө. Айрым маалымат булактары тойго чакыруу баракчалары жакынкы күндөрдө таратыларын маалымдашууда.

50 жашында алгачкы ирет ата статусуна ээ болгон актёр 51 жашында биринчи жолу үйлөнгөнү турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ady-88
2018-08-24 13:02:44
Булар 50жашында уйлонуп балачакалуу болушса, бизде 50жашында небере жытын искеп калабыз
+1
ikitaidesu
2018-08-24 13:03:17
Неберелүү болгондо үйлөнүү той кылса да боло берет ушуларга...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан