Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан башка бирөөнүн паспортун алып жүргөн казакстандык жаран кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, аталган жаран 30-июнь күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан колго түшкөн. Кармалган жаран УКМКнын Чүй облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.