Жайкы Азия оюндарынын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу аземи өтөт

Бүгүн, 24-августта "Кордай" өткөрүү бекетинен Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп, желегин желбиреткен спортчуларды тосуп алуу аземи өтөт.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага жалпы 45 өлкө катышууда. Спорттун 28 түрү боюнча мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн барган 150 спортчу катышты.

Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 күмүш жана 5 коло медаль бар.

Күмүш медалдарды өлкө эсебине балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков жана Акжол Махмудов алып келишкен. Ал эми коло медалдарды балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Амантур Исмаилов, Үзүр Жусупбеков жана оор атлетчи Иззат Артыков жеңип алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastanbek1981
2018-08-24 09:53:15
молодцы алтынга аракет кылгыла!
+2
talant87
2018-08-24 10:50:53
Иззат откондогу медалдыда бергиле дебединби.ошондо 2 медал менен келмексин уялып калмак калыстар
+1
erjigit-e.15
2018-08-24 13:56:06
Азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан