Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган жарлыкка кол койду

Бүгүн, 1-июлда президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда мындай деп айтылат: “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы мамлекеттин ишинин маанилүү артыкчылыктарынын бири катары натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү милдетин алдыга коёт. Коомдун азыркы абалы жана Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо максаттары жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин сактоо менен, мамлекеттик тил этностук таандыктыгына карабастан бардык кыргызстандыктар үчүн бириктирүүчү тил болушуна жетишүүнү талап кылат. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары мамлекеттик кыргыз, расмий орус, ошондой эле дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын муунун тарбиялоо зарылдыгын пайда кылат. 

   

Бирок бүгүнкү күнү тил саясатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси өтө курч турат. Эгемендик жылдары Кыргызстанда аны колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлгөн, бирок дурус жылыштар менен катар мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде мамлекеттик башкарууда кеңейтүү темпинде артта калуу байкалат. Өлкөнүн дээрлик бардык билим берүү мекемелеринде окутулуп жаткандыгына карабастан, кыргыз тилин ал эне тили болуп саналбаган адамдардын ондон бир бөлүгү гана билет. Бул мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү зарылчылыгы жөнүндө коомдо кызуу талаш-тартыштарды жаратууда.

  

Түзүлгөн кырдаалдын себептеринин катарында финансылоонун жетишсиздигин, ошондой эле азыркы учурдагы тил саясатынын натыйжасынын төмөндүгүн белгилөөгө болот. Билим берүүнүн мамлекеттик системине гана басым жасоо талаптагыдай натыйжа бербей жаткандыгы айкын болууда. Ошондуктан рынок механизмдерине жана жарандык секторго таянган бейформал тилдик билим берүү системин түзүүгө дем берүү керек. Мамлекеттик тилди үйрөнүү жана пайдаланууну кеңейтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башка тилдер менен катар мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө дурус роль ойноого тийиш. Кыргыз тилин үйрөнүүгө түрткү берүү жана өбөлгөлөрдү түзүү, инновациялык технологияларды, окутуунун заманбап усулдарын колдонуу менен окутуу системин жакшыртуу маселелери да чечүүнү талап кылат. Окутуучу кадрлардын потенциалын да жогорулатуу керек. Кызмат адамдары үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин калыс аныктоо технологиясын киргизүү зарылчылыгы бышып жетилди.

  

Кыргызстандыктардын, өзгөчө балдар жана жаштар үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу системин түзүү, китеп басып чыгаруунун жана китептерди таркатуунун, көркөм котормонун, анын ичинде аудио жана видео алып жүрүүчүлөрдү колдонуу менен заманбап талаптарга жооп берген системин өнүктүрүү зарыл”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан