Казак ырчысы Айкын Төлөпберген өзүнүн 3-баласын ачыкка чыгарды

Белгилүү казакстандык ырчы Айкын Төлөпберген өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу 3-баласын ачыкка чыгарды.

Төлөпберген өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына уулун туулган күнү менен куттуктап сүрөтүн жарыялаган. Интернет колдонуучулар үчүн аталган сүрөт жаңылык болгон, анткени буга чейин ырчы үчүнчү ирет ата болгондугу тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Ырчы баласынын аты Нуртан Санжар экенин дагы айтып өткөн.

Ушул эле учурда "Кешью" тобунун солисти Жулдыз Омиргали да баласын туулган күнү менен куттуктап көптөн бери жашырып келген жаңылыгы ушул экенин жазган. Ал баласынын сүрөтүнүн алдына куттуктоо жазып аягында Нуртан Санжар Айкын уулу деген хештег жазган.

Буга чейин эки ырчынын ортосунда сүйүү мамилелери бар экендиги тууралуу маалыматтар тарап, бирок алар бул маалыматты четке кагышкан. Көптөгөн интернет колдонуучулар Жулдыз Омиргали Айкын Төлөпбергендин 2-жубайы экенин жана алар баласы 1 жашка чыккандан кийин гана ачыкка чыгып жаткандыгын жазышууда.

Айкын Төлөпберген үй-бүлөлүү. Жубайынын ысымы Асель. Алардын бир уул, бир кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Merelisha
2018-08-24 13:00:15
ширин балдар экен))) омурлуу болушсун.
-1
aszyma
2018-08-24 13:29:51
Экөөсү бир эле бала.
+4
binur5
2018-08-24 13:31:57
баласы бар болсо жакшы экен да эмнеси жанылык
0
Jazdyn_tany
2018-08-24 13:45:49
binur5, үй бүлөсү
бар туруп, башка ырчы кыздан балалуу болгон...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан