Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттик кубок старт алды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды.

SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдиргендей, аталган мелдеште 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтагы оюндар 26-августка чейин уланып, жарым финалдык беттештер 28-августта орун алат. Ал эми мелдештин финалы 30-август күнү өтөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

  • "А" тайпасы: "Арашан", "Толкун", "Сын-Таш";
  • "В" тайпасы: "Четинди", "Сокулук", "Шыралжын";
  • "С" тайпасы: "Нурлан Көк-Жал", "Төш-Булак", "Сары-Өзөн Рассвет";
  • "D" тайпасы: "Бакубат-Талас", "Келечек, "Алыкул".

24-августта орун ала турган беттештер:

  • "Арашан" - "Толкун";
  • "Четинди" - Сокулук";
  • "Нурлан Көк-Жал" - "Төш-Булак",
  • "Бакубат-Талас" - "Келечек".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан