"Азия Микс" командасы КВН союзунун Жайкы кубогунда астаналык "Спарта Номад" клубу менен тең чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге команданын мүчөсү Ростислав Ященко билдирди.
"23-августта Сочи шаарында эл аралык КВН союзунун Жайкы кубогу үчүн акыркы 2 жылдагы чемпиондор "Спарта Номад" жана "Азия Микс" командалары бет келишти. Оюндун шарты боюнча ар бир команда өзүнө өнөктөш команда тандашы керек эле. Азия Микс командасына "Русская Дорога" командасы жардамга келсе, "Спартанын" өнөктөшү "Радио Свобода" командасы болду. Оюндун алгачкы турларында атаандаштар алдыга озуп чыкканы менен "Азия Микс" оюндун жүрүшүндө эсепти теңдей алды. Жыйынтыгында эки атаандаштын тең топтогон упайлары бирдей болуп, калыстар тобу биздин командага артыкчылык берип, жеңүүчү атады. Бирок КВН союзунун президенти Александр Масляков бул чечимге каршы чыгып кубок КВНдин өзүндө кала турганын айтты. Бир сөз менен айтканда, "Азия Микс" оюнда жеңүүчү болду, бирок кубокко ээ болгон жок", - деп билдирди Ростислав Ященко.