Бүгүн, 24-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча финалдык беттештер орун алат.
Анда 69 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Төрөкан Багынбай уулу катышууда, ал беттештерди ийгиликтүү өткөрүп, медаль үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды.
Төрөкан Багынбай уулу 1/16 финалда ирандык спортчуну утуп, жарым чейрек финалда казакстандык Мансур Хабибуланы жеңди. Чейрек финалдык беттеште Багынбай уулу түркмөнстандык Желилмухаммед Хошанмурвдовду 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалда таиланддык спортчунун үстүнөн 4:2 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Төрөкан Багынбай уулу финалга өтүп, анда алтын медаль үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талиб менен күч сынашат.