Ырчы Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына борбордо кече өткөрдү

Бүгүн, 24-августта Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова миллион катталуучу топтогону үчүн кече өткөрдү. Салтанатка ар тармактуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ырчынын курбу-курдаштары, жакын туугандары жана кыргыз шоу-бизнесинен Неля, Нурлан Насип, Айнура Салахидинова, Азиза, Асема Токтобекова, Талант Кадыров, Өктөм Сапар уулу "Dilbar" мода үйүнүн директору, дизайнер-модельер Дильбар Ашимбаева жана башкалар келишти.

Кеченин күнөөкөрү Самара Каримова: "Менин ар бир ийгилигиме ар бир күйөрманымдын, жакындарымдын салымы бар. "1 миллион катталуучу топтоптурсуң" деген кабарды уккандан бери толкунданып, кубанып жатам. Бул кабарды уккан жакындарым "мындай жакшы саамалыкты белгилеш керек, качан майлайбыз" дегенинен 2 күндөн бери белгилеп жатабыз. Кечээ Ош шаарындагы тааныштарыбыз, санаалаштарыбыз келип куттуктап, алар менен белгилегенбиз. Бүгүн Бишкек шаарында белгилеп жатабыз. Кечени аз убакытта уюштургандыктан шоу-бизнестин бардык өкүлдөрүн чакыра алган жокпуз. Айрымдары социалдык тармактагы жеке баракчамда миллион катталуучу топтогонумду уккандар түшүнбөй "миллион сом утуп алдыңбы?" дейт, мен дагы "ооба, миллион уттум" деп тамашалап койдум (күлүп). Миллион катталуучу топтогонумду белгилегенден бери "катталуучуларды сатып алган, анын катталуучулары жандуу эмес" деген ар кандай кептер айтылып жатат. Андай кептерге такыр маани берген жокмун. Анткени айтылып жаткандар калп жана сын-пикирлерди укканга дайым даярмын. Эң башкысы миллион катталуучу башыбызды бириктирип, чай ичкенге жакшы мүмкүнчүлүк берди", - дейт

Кечеге келген меймандардын бири жазуучу Фаризат Асанкалиева: "Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүндө аты аталган 3-миллионер катталды. Биринчиси Раим миллион, экинчиси Дайыр миллион, үчүнчүсү Самара миллион болду. Бул миллион чек эмес, миллиардга жет", - деп тамашалуу сөз айтып, белегин тартуулады.

Кечеге келген ар бир мейман каалоо-тилектерин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле 23-август Самара Каримованын кызы Даткайымдын туулган күнү менен дагы куттукташты. Ар башка чөйрөдөгү инсандардын башын бириктерген кече оюн-зоок менен коштолуп, оюндун катышуучуларына акчалай байгелер берилди.

Кеченин соңунда Самара Каримова ушул даражага жеткирген жолдошу Асан Мансуров экенин айтып, аны менен сыймыктанарын билдирди.

Маалым болгондой, Самара Каримова социалдык тармактагы Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоп, Кыргыз өлкөсүндөгү алгачкы миллионик аталган.

Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына кече өткөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (61)
Aulei
2018-08-24 21:46:04
Сен элдин адамысын. Эл алдында ушинтип гана журо бер. Сени кыйындыгындан коралбай жатышат. Азаматсын жашоонун Эн жакшы жолун тандап, Асан акени да бактылуу кылдын. Жарын менен тен аараып, тен каары. Азыр эми мага жазылган коменттерди коросун. Кыргыз ушундай ичи таар эл экенбиз да.
-9
Ankel
2018-08-24 21:54:36
Aulei,хадисте айтылгандай "чыныгы мусулман башка бирөөгө тилинен да, колунан да жамандык кылбаган адам". Бирөөнүн жашоосун сындоодон мурда өз жашообузду ойлойлу. Акылдуу адам экенсиз
+5
Frunze2
2018-08-24 22:11:31
Ankel, байкуш. Бироону сенин жашоонду сыноосун каалабасан, демек сен оз жашоонду элге шардана кылбашын керек!!! Туалетке барганындан башкасын бут элге жарыялап отурсан, демек элден сын угаарын турган кеп...

Дагы сынап коесунар дейт, эл сынаьасын десе шук отурсун, лично чыгармачылыгы менен таанылсын элге...
+4
Firdaus-Muslim
2018-08-24 21:53:15
Кокус инстаграм соц-тармагы жабылып калса кантээр экен.
+8
Patoshik1
2018-08-24 22:03:42
Эхх кандай керемет!!! силердин ичинер куйуп ХХХХ дагы эмне деп салдынар? Самара деген созду укканда бечаралар.Керемеееет!!!
-7
Frunze2
2018-08-24 22:15:30
Patoshik1

Жакшы жанылыгы менен болушсо эл да жакшы пикир калтырат... Обу жоктоно берсе ким жакшы пикир калтырат ыя?!! Эртен мышыгы тууп, ошого той откорсо, ошондо да сага окшогондор мактап турса керек, Асан менен Самаранын жакшылыгынан мышыгы тууп отурат деп.....
+5
Patoshik1
2018-08-24 23:41:59
Frunze2,Керемееет!!! жарылып кетпегиле эми. Алга Самара оркундот Кыргызымды Манас бажамдай!!!
-10
Jakjakynas
2018-08-24 22:11:22
Самара койчу мактана бербе хандын да тузу бир кун кемиген телегейи тег з жашоодомун деп ойлобо такчто кооп элге жарыя кыла бербе
+8
Nukeww
2018-08-24 22:35:17
накрутка кылып алып,озун-озу алдап жыргай бербесинчи. Подписчиктеринин саны менен лайк-комментарийлери дал келишпейт. Индус-пиндустарды толтуруп алып мактанат да куйдур-ргу.. Мисалы,Чала Спортиктин комменттери,лайктары коп,анткени аныкы живая аудитория...
+6
nurikkg88
2018-08-24 22:48:19
Охоо баарынарга тузду эми кантип жеткирет экем башым катты,и баса таптым бир камаз туз токтуруп берем баарына жетет ичинер куйгучо жалай бергиле
-4
ETAAA_18
2018-08-24 23:59:56
Ушу кантип болсун эми. ХХХХХ. Кайсы бир жылы Ошто 22 кун концерт берген эле ошого окшоп муну да 22 кун той кылбайттырсын эми.
+7
AKCAHAT
2018-08-25 00:11:41
1m жок легенде 75000лайк 20-30коммент калыш керек орто эсеп мн . Озу ишенсе, жыргай берсин. Бирок бул ото уят иш эмеспи 4 баланын энеси учун. Миллиард подписчиктери бар Рональдо Кардашьян тойсуз эле журушот ко))) Эми жакында Анжеллада 2m болот.
+6
Benazir08
2018-08-25 02:29:04
Ушунча болуптур ошо млн подписчикини чакырып тойгозбопсун ошондо корот жлек кучунду. Андан коро ошо дасторконго кеткен акчаны топтоп бир жакыр уйбцлого берсен сентябрга баодарына кийим кылмак
+2
Malik92
2018-08-25 07:13:13
Самаш,базарда тачка тартып иштегендерди,селсаяктарды,жетим балдарды,жесир аялдарды чакырып,жакшы сөзүң сүйлөп,курсактарын тойгузуп,майрамдык маанай тартуулап койсоң,миллион эмес миллиард подписчик топтомоксун.Сага таң каламын Асанды каяка барсаң ХХХХ жетелеп аласын.Же Асандын ХХХХ көзүн күйгүзүш үчүн-өзүңдү пиарлап жүрөсүңбү?
+1
Mavlyuda
2018-08-25 11:03:25
ХХХХХ. Миллион подписчикти да майрамдай беришет тообо пиар
+1
demo009
2018-08-25 12:37:11
Обу жок
+1
gitaris93
2018-08-25 21:56:25
ё мое срочно отписаться кылыш керек самараны
0
Baku88
2018-08-25 23:08:22
Миллион топтойбу миллиард топтойбу мен үчүн не холодно не жарко эн башкысы бирөөнүн эмгегин уурдаба өзүн аракет кыл ар кимдин кайнап жаткан казанына кол салбай
0
demo009
2018-08-26 01:59:51
Мен азыр эле отмен кылам Самараны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан