Жайкы Азия оюндары: Мушкер Азат Үсөналиев лаостук атаандашын утуп, жарым чейрек финалга аттанды

Бүгүн, 24-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында бокс боюнча мелдештер старт алды.

Анда 52 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Азат Үсөналиев катышты.

Азат Үсөналиев 1/16 финалдык беттештен күч сынашып баштап, алгачкы беттешинде Лаостун спортчусу Акхаситх Виенгхей менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Азат Үсөналиев 3 раундда тең мыктыраак болуп, калыстардын бирдей чечими (30:25, 30:25, 30:24) менен жеңишке жетти.

Муну менен Азат Үсөналиев жарым чейрек финалга өттү. Анда Кыргыз мушкери пакистандык Саид Мухаммед менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2018-08-24 16:01:47
Намыска жарап бергиле жигиттер алтын кутобуз !
0
monster_high_98
2018-08-24 16:20:37
2-алтынды озун алып берчи!
0
Azat.97
2018-08-24 16:32:17
Алтын кутобуз тёска.
0
Mikaaa
2018-08-24 17:04:34
Саат канчада чыгат экен, эмки оюну
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан