Жайкы Азия оюндарынын 6 медалынын ээси Кыргыз веложарышчы Евгений Ваккер Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында 11-орунду ээлеп калды.
Бүгүн, 24-августта Индонезиянын Палембенг шаарында 40 чакырым аралыктагы веложарыш орун алып, ага Кыргыз өлкөсүнүн атактуу велоспортчусу Евгений Ваккер катышты.
Мелдеште жалпы 17 спортчу катышып, Евгений Ваккер фиништик чийинге 1 саат, 3 мүнөт 34,12 секундда жетти. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчусу 11-орунда жайгашты.
Мелдештин жеңүүчүсү 55 мүнөт, 37,13 секунд жыйынтыгын көрсөткөн казакстандык Алексей Лютценко болду, 2-орунду өзбекстандык Муратжан Халмератов 57 мүнөт 10,52 секунд жыйынтыгы менен ээледи. Ал эми коло медалдын ээси 57 мүнөт, 19,20 секунд жыйынтыгы менен япониялык Беппи Фумуюки болду.
Эске салсак, Кыргыз велоспортчу Евгений Ваккер буга чейин 6 Жайкы Азия оюндарына катышып, аларда 5 күмүш жана 1 коло медаль тагынган.