Эксперт Азамат Аттокуров: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга укук коргоо органдары кызыкдар эмес"

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген соболуна мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуров жооп берди.

Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга президент менен премьер-министрдин эрки керек болот.

"Коопсуз шаар" долбоору бизге абдан керек. Бир жылда эле миңден ашык адам авариядан каза болду. Бул долбоор ишке ашса айдоочулар жол эрежелерин сактап калат. Астана шаарында да “Коопсуз шаар” ишке киргенден кийин жол кырсыктары кескин түрдө кыскарган. Майда эреже бузуулар да азайган. Албетте, ишке ашырбоого кызыкдар тараптар абдан көп. Акча көп бул жерде. Компанияларды тандоодо кызыкчылыктардын кагылышы болбошу зарыл. Туугандарынын же тааныштарынын компаниялары жеңип чыкса болбойт. Бул долбоорду ишке ашырууга укук коргоо органдары кызыкдар эмес. Алар пара ала албай калат. Жетекчиликке чейин жеткен коррупциялык систем жоголот. “Коопсуз шаар” ишке ашса айып пулдан түшкөн каражаттар түздөн-түз казынага түшүп калат.

Албетте, аны ишке ашырчу компания тандоо онлайн түрдө, ачык өтүшү керек. Жеңүүчүнү тикелей тандоо жарабайт. Аукциондо техника бузулуп калды дегени жасалма деп ойлойм. Бул долбоор тезинен ишке ашуусун камсыздоо керек. Башталганына көп жыл болуп кетти. “Коопсуз шаарды” ишке ашырууда президент менен премьер-министрден эрк талап кылынат. Жылдын аягына чейин ишке ашып кетсе жакшы болмок", - дейт Аттокуров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Аида Исмаилова, Абдыбек Дүйшалиев, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков жана депутат Зиядин Жамалдиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан